super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев кафе, ресторандардын сыртына видеокамера коюуга кожоюндарды милдеттендире турган мыйзам долбоор сунуштап жатат

 
Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 2-июндагы жыйынында "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда. Демилгечилердин бири - депутат Өмүрбек Текебаев. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдөгү кафе, ресторан, акча алмаштыруучу жайлардын кожоюндары милдеттүү түрдө өз имараттарына видеокамераларды орнотууга мажбур болушат. Маалыматтарга таянсак, Бишкек шаарындагы коомдук мекемелерге 4000 видеокамера орнотулушу мүмкүн. Демилгечинин айтымында, камералар коюлса, шаардагы кылмыштуулук 2 эсе азаят. 
Текебаев бул мыйзам долбоору 2005-жылы эле сунушталганын, бирок ал кездеги президент Курманбек Бакиев бюджетте акча жоктугун айтып, мыйзамга кол коюудан баш тартканын билдирди. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: