super.kg logo
  Саясат  

Алайда жол тоскондор бир милиция кызматкерин сабап салышты

 

31-май күнү Алайда жол тосуп турушкан депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары Ош облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн кызматкери Анатолий Жээнбаевди сабап салышты. Бул тууралуу Ош облустук жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Жеңишбек Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, Анатолий Жээнбаев Алайга, жол тоскондорго түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана коомдук көзөмөлдү сактоо үчүн барган. Бирок саат 16:00 чамасында митингдин айрым катышуучулары элди ага каршы тукуруп, сабап салышты.

Учурда Жээнбаев Ош шаардык ооруканасына жаткырылып, дарыланып жатат. Абалы жакшы болуп калды”, - деди Ашырбаев.     

Бул факт боюнча “бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөттү” деген айып менен кылмыш иши ачылганы, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканы айтылды.   






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: