Декларация: Депутат Ирина Карамушкина былтыр 863 452 сом маяна алган

Парламент депутаты Ирина Карамушкина 2013-жылы парламенттен 863 452 сом маяна алган. Муну депутат тапшырган декларациясында көрсөттү. Карамушкина 105,3 чарчы метр аянтты ээлеген бир үйгө ээлик кылат. Автоунаасы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок. Депутаттын жакындарынын жылдык кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу да маалымат берилбеди.
Карамушкинанын 2012-жылкы кирешесин бул жактан көрө аласыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

