super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Оштун газсыз калганы үчүн өкмөт мүчөлөрүн жоопко тартуу зарыл"

 

"Ош шаарына 3 айдан бери газдын берилбей жатканы үчүн өкмөт жооп бериши керек. Ал үчүн өкмөттүн тийиштүү мүчөлөрүн жана Оштогу кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу зарыл”,- деп билдирди Өмүрбек Текебаев. Депутат муну бүгүн, 3-майда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин отурумунда айтты. “Газпром” менен келишим туура эмес түзүлгөнүн белгиледи.

Владимир Путин убагында Орусиянын айрым аймактарында газ берилбей калганы үчүн бир топ шаар мэрлерин "шалаакылык" беренеси боюнча каматып салган. Биз газды Орусияга берип коюп, өзүбүз газы жок отурабыз. “Газпром” ишканасы менен келишим туура эмес түзүлгөн. Өкмөт мүчөлөрү Ошто газдын жок болуп жатканын Москва менен Ташкент чечсин деп жатат. Анда өкмөттүн эмне кереги бар? Өкмөткө тапшырманы берип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартыш керек”,- деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: