Декларация: Депутат Туратбек Мадылбеков былтыр 1 миллион 612 миң киреше тапкан

Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбеков 2013-жылы 1 миллион 612 149 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, депутат маяна катары 1 миллион 062 149 сом алса, кошумча кирешеси 550 000 сом болгон. Мадылбеков 230 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, 4,5 гектар жер тилкесине ээлик кылат.
Депутаттын жакындары былтыр 1 миллион 500 000 сом киреше табышкан. Алардын кыймылсыз мүлктөрү: 95,4 чарчы метр жерди ээлеген батир, 62,3 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 460 чарчы метр жерди ээлеген административдик имарат. Автоунаалары: 2004-жылы чыгарылган Лексус RX330, 2006-жылы чыгарылган Тойота Раф 4.
Депутаттын 2012-жылкы кирешеси бул жакта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

