super.kg logo
  Саясат  

Жоомарт Оторбаев "Кара-Жыгач" сейил багындагы мыйзамсыз курулуштарга нааразы болуп, анын чек араларын тактоого буйрук берди (фоторепортаж)

 
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Кара-Жыгач" сейил багы 1881-жылы түптөлгөнүн айтты.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Жоомарт Оторбаевге сейил бактагы мыйзамсыз сатылган жер тилкелерин көрсөтүүдө.
Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов Жоомарт Оторбаевге "Кара-Жыгач" сейил багындагы мыйзамсыз сатылган жер тилкелерин көрсөтүүдө.
"Кара-Жыгач" сейил багынын картасы
"Кара-Жыгач" сейил багынын картасы
Иш-чаранын жүрүшүнөн
Иш-чаранын жүрүшүнөн
Жоомарт Оторбаев жана Кубанычбек Кулматов сейил бактын кооздугуна суктанышууда.
Жоомарт Оторбаев сейил бактын кооздугуна суктанууда.
Жоомарт Оторбаев сейил бактын кооздугуна суктанууда.
Сейил бактан көрүнүш
"Кара-Жыгач" сейил багы
"Кара-Жыгач" сейил багы
"Кара-Жыгач" сейил багы
Сейил бактын аймагынан жер тилкесин сатып алган тургун көйгөйүн айтты.
Кубанычбек Кулматов жер тилкелерин сатып алгандарды башка жакка көчүүнү сунуштады.
"Кара-Жыгач" сейил багынын аймагынан жер тилкесин сатып алган жаран жердин Кызыл китебин журналисттерге көрсөтүүдө.
"Кара-Жыгач" сейил багынын аймагынан жер тилкесин сатып алган жаран жердин Кызыл китебин журналисттерге көрсөтүүдө.
"Кара-Жыгач" сейил багына курулган үй

Бүгүн, 3-июнда премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов иш сапары менен "Кара-Жыгач" сейил багында болушту. Иш-чарада аталган бактын бир топ жери сатылып кеткени айтылды.

Өкмөт башчынын айтымында, "Кара-Жыгач" сейил багын 1881-жылы ботаник А.Фетисов түптөгөн. “Башында аянты 215 гектар болгон. 1990-2000-жылдары жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз берилип, сейил бактын 130 гектары гана калган. Бирок ушул аянтты да бүгүнкү күнү басып алышууда”,- деди премьер-министр.

Андан соң Бишкектин мэри К.Кулматовго сейил бактын чек араларын тактоого 2 айлык мөөнөт берди. 

“Ушул убакыттын ичинде жумушчу топту түзүп, берилген буйрукту аткарууга аракет кылабыз. Мындан тышкары жер тилкелерин мыйзамсыз сатып жибергендер жоопкерчиликке тартылышат”,- деп жооп берди Кулматов.

Мындан кийин алар сейил бак аймагынан жер тилкелерин сатып алгандар менен жолугушту. Оторбаев жергиликтүү тургундардын маселеси мыйзамдуу түрдө чечилерин белгиледи. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: