Тажикстандыктарга Баткендин жайлоолору ижарага берилет
Тажикстандык жарандар үчүн Баткен облусундагы жайлоолор ижарага берилет. Муну бүгүн, 3-июнда SUPER.KG порталына өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Айтымында, учурда сүйлөшүү процесси жүрүп жатат.
Автор: Автандил Добулбеков
"Буга чейин тажикстандыктар Кыргызстанга караштуу аймакты жайлоо катары бекер пайдаланып келишкен. Өткөн чатактардан кийин биз алардан жайыттар үчүн акы төлөөнү талап кылдык. Алгач тажик тарап "бизге Ворухтун айланасынан жайлоо керек эмес" деп чыгышкан. "Андай болсо мурун чыгып жүргөн жайлоолорго чыкпайсыңар" деп тыюу салсак, баягыдай жаңжалдар чыкты. Ошондон кийин тажик тарап макул болуп, сүйлөшүүгө Баткенге келишти",- дейт Искандаров.
Эки тараптын жолугушуусу өткөн аптада Баткен шаарында өттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

