Абдырахман Маматалиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бүгүн, 3-июнда Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт менен жолугушту. Жолугушууда терроризм жана экстремизм, жарандарды сатуу жана укук коргоо органдарындагы реформалар боюнча пикир алышуу болду. Өкмөттөн билдиришкендей, соттолгон жарандарды экстрадициялоо жөнүндө Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы макулдашууга тезирээк кол коюлушуна өкмөт кызыкдар экенин белгиледи.
Жыйынтыгында тараптар укук коргоо органдарындагы кызматташтыкты бекемдөө чечимине келишти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

