super.kg logo

Бахияна Сатылганова, журналист: «Төрөлө элек балама, буту баспай калган апама кыйын болду»

 
Тамашалайм деп жаңылыштык кетирип, жакшы санаалашым деп эсептеп жүргөн адамдын арызынан соң муздак, сыз абакка отуруу кош бойлуу келин, журналист Бахияна Сатылганова үчүн турмуштун оор сыноосу болду. Б.Сатылганова: «Абактын ичин эмес, сыртын бир айланып чыккан адамдын жүрөгү түшөт. Эсимди жоготуп, жыгылып баратканымды билем, калганы эсимде жок. Ойгонсом мурдум, тамагым өзүмдүкү эместей туюлду, күйүп калыптыр. Мени эсине келтиребиз деп спиртти куюп эле салышкан окшойт, абактагы дарыгерлер. Канча убакыт өтсө да, мурдум калыбына келбей, эмне жыт келип жатканын түшүнө албай жүрөм. Баарынан төрөлө элек балама, менсиз тамак ичпей апалап ыйлаган үйдөгү уулума, кайгыдан чөккөн жолдошума, кайындарыма, туугандарыма, туш-туштан жүйөсүз жеме уккан кесиптештериме кыйын болду. Ата-энемдин санаасын айтпай эле коёюн, карыган апам операция жасатып, балдак менен жүргөн, менин окуямдан кийин баса албай калды. Канча жан алекетке түшсөм да, апамдын кайгысын жеңилдете албайт экенмин... Балам кантип, кандай абалда төрөлөт, аны бир Кудай билет". Мындай билдирүүнү кесиптешибиз гезитибиздин №532-санында берип кетти. Ал макаланы толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыӊыз

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: