super.kg logo
  Саясат  

Адам өлүмүнө алып келген автокырсыкка күнөөлүү айдоочуларды айдоочулук күбөлүктөн түбөлүккө ажыратуу боюнча мыйзам долбоору комитетте четке кагылды

 

Бүгүн, 3-июнда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштар менен күрөшүү комитети адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарына күнөөлүү айдоочуларды айдоочулук укуктан биротоло ажыратуучу мыйзам долбоорун четке какты.

Комитет депутаттары Кылмыш-жаза кодексине мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү Конституцияга каршы келе турганын айтышып, мыйзамды артка кайтаруу керектигин билдиришти. 

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси Карамат Орозова буларга токтолду:

Бул мыйзам долбоору менен биз коомдун, адамдардын коопсуздугун сактайбыз. Бүгүнкү күндө коомдук унаалардын айдоочулары адамдарды сүзүп өлтүрүп коюп, кайра ошол жумушунда иштеп жүрө беришет. Ушуга чектөө коюшубуз керек”.

Мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү четке кагышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: