Парламент: Тармактык комитет мурда соттолгон адамдын президент, Жогорку Кеңештин депутаты болушуна тыюу салуу демилгесин колдоду
Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде бүгүн, 3-июнда “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору боюнча, мурда соттолгон жарандардын бир катар мамлекеттик кызматтарды ээлешине тыюу салынганы жатат. Мисалы, мурда сот жообуна тартылган адам президент, Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке депутат, шаар мэри жана аким боло албайт.
Комитет мыйзам долбоорун колдоого алып, палатада кароого жөнөттү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

