Жылнаама, 4-июнь: Мындан 31 жыл мурун Бишкекте “Ош базары” ачылган

* Мындан 25 жыл мурун, 1989-жылы СССРдин тарыхындагы эң ири темир жол кырсыгы болгон. Челябинск облусунда эки жүргүнчү ташуучу поезд карама-каршы өтүп бараткан убакта бузулган тамак-аш түтүгүнөн чыккан газ жарылган. Кырсыктын кесепетинен 575 киши каза болуп, 623 киши ар кандай жараат алган.
* Мындан 31 жыл мурун, 1983-жылы Бишкекте “Ош базары” ачылган. Алгач бул базар 1982-жылы түптөлүп, 1983-жылы ачылып, “Ала-Арча-Ош” деп аталган. Кийин 1991-жылы “Ош базары” деп кайрадан түзүлгөн. 1992-1994-жылдар аралыгында базардын соода орундары менчикке сатылган. Учурда (2014) базар 5,4 гектар аянтты ээлейт.
*Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы Кыргызстан сотторунун республикалык кеңешмеси Бишкек шаарында өткөн. Республикалык кеңешмеде сот реформасын өнүктүрүү, адилет жана айкын сот системин куруу зарылчылыгы белгиленген. Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмонов Юстиция министрлиги менен Сот департаментин Жогорку Соттун карамагына берүү зарылчылыгына токтолгон. Кеңешме ишине президент А.Акаев, премьер-министр Н.Танаев, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы А.Эркебаев баштаган өлкө жетекчилиги катышкан.

4-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
uluk1982

03.06.2014. 20:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1889-жылы СССР мамлекети болгон эмес
iPad

03.06.2014. 21:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwurak okusan 1989
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.