super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев "Центерра" кыргыз өкмөтүн коркутууга өткөнүн айтып, "Кыргызстан баары бир акциялардын 70 пайызын кайтарып алат" деди

 

Бүгүн, 3-июнда ЖКнын Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында "Айлана-чөйрөнү булгоого карата төлөмдөр жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланды. Анда "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Центерра Голд Инк." компаниясы кыргыз өкмөтүн коркутууга өткөнүн айтты. Фракция лидери "Кумтөр" ишканасы кыргыз өкмөтү алтындарды казууга уруксат бербесе, компания ишмердүүлүгүн токтотот" деп коркутуп жатканын жана сунушталган мыйзам кабыл алынса, кен иштетүүчү ишканалар мындан ары коркутуп-үркүтүүгө барбай турганын белгилеп өттү.

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Расул Абдыкалыков "Центерранын" билдирүүсүнө шилтеме берип, баалар көтөрүлсө, "Кумтөр" төлөй албашын айтып чыкты.

"Компания төлөй алабы же төлөй албайбы, бул маселе эмне үчүн силерди ойлонтушу керек? Мен ачык айтам, "Центерранын" акционерлери менен жетекчилери угушсун. Кыргызстан баары бир акциялардын 70 пайызын кайтарып алат",- деди Өмүрбек Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: