super.kg logo

Алайдагы жол тоскондордун үстүнөн жеке ишкерлер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышты

 

Камакта отурган Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тарабынан буулуп турган жолдун айынан жүргүзгөн иши токтоп калгандар Ош облустук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышты. Бул тууралуу 4-июнда ОИИБинин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, ишкерлердин товары Кытайдан келе жатып жол тосулган жерде туруп калган. 

“Бизге түшкөн даттануулар көбөйүүдө. Азыркы тапта жеке ишкерлерден 6 арыз түштү. Бул боюнча атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, келтирилген чыгымдарын эсептеп чыкмакчы. Андан кийин чара көрүлөт”,- деди ал өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, 27-майдан бери Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу боюнча Алай районунун Сопу-Коргон айылынын тургундары Эркеч-Там унаа жолун буушкан. 2-июндан тарта алар бийликке койгон талаптарын өзгөртүшүп, биротоло камактан чыгаруу талабын коюшкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: