super.kg logo

Москвадагы консерваторияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган кыргыз чеберлеринин концерти болуп өттү

 

П.Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясында төкмө акын Токтогул Сатылгановдун жаркын элесине арналган кыргыз чеберлеринин концерти болуп өттү. Ага Т.Сатылганов атындагы сыйлыктын лауреаты, КРнын Эл артисти Роза Аманова, республикалык төкмө акындардын айтышуу сынагынын баш байгесинин ээси Мээрим Карыпова, Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын лауреаты, ар кыл аспапта кол ойноткон Асылбек Насирдинов катышты.  

Белгилей кетсек, концерт 28-апрелден 5-июнга чейин өткөрүлүп жаткан “Аалам үндөрү” аттуу 12-эл аралык музыкалык фестивалдын алкагында уюштурулган. Ага 60 мамлекеттин аткаруучулары катышууда.

Концертти Москва мамлекеттик консерваториясынын алдындагы “Дүйнөнүн музыкалык маданияты” илимий-чыгармачыл борбору уюштурган. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда КРнын Орусиядагы элчилиги билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: