super.kg logo
  Саясат  

Депутаттар “коллизия” деген сөздү кыргызчага которуу боюнча талашып-тартышты

 

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутаттар каралып жаткан мыйзам долбоорундагы чет тилиндеги терминдердин которулушу боюнча талашып-тартышты. Талашка “иллюзия” деген сөз түштү. Депутат Абдыманап Кутушев бул сөз латын тилинен алынганын, аны Орусия которбой эле колдонуп жатканын айтты. “Тилибизди байытыш үчүн айрым терминдерди которбой колдонушубуз керек. "Иллюзия" сөзү "кагылышуу, карама-каршылык" дегенди билдирет”,- деди ал. Исмаил Исаков: “Орустар которбой эле колдонуп жатат деп биз да которбой коюшубуз керекпи? Муну кыргызчаласа болот. Акыркы ай сайын, күн сайын, секунд сайын 20 сантиметрден болсо да алдыга жылышыбыз керек да”,- дейт.  

Ал эми депутат Өмүрбек Текебаев бул сөздү которууга зарылчылык жок экенин айтат. “Ар бир чет элдик сөздү которууга мүмкүн эмес. Мисалы, коллизия – абдан кенен түшүнүк. Бул сөз медицинада, социологияда, айтор, көп тармакта кездешет. Мунун баарын "түртүшүү" деп которо берсек, баш аламан болуп кетет”,- деди Текебаев. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: