super.kg logo

Америкада 5 жаштагы кыз операция жолу менен эркек балага айланды

 
Риланд төрөлгөндө эле угуу органдарынан жабыркачу.
Риланддын кыз кезиндеги бөлмөсү.
Тили чыккандан тарта эле Риланд "мен баламын" дей берчү экен.
Учурда Риланд кадимки балдардай болуп футбол, бейсбол ойнойт.
Риланд учурда кыздар менен ак бийге түшүп келет.
Риланддын үй-бүлөсү.

Америкада 5 жашында операция жолу менен эркек балага айланган Риланд аттуу кыз учурда футбол, бейсбол ойноп, ал тургай кыздар менен ак бийге түшүп келет. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, Сан-Диего шаарынын тургундары, түгөйлөр Жефф жана Хиллари Уиттингтондор 2007-жылы кыздуу болуп, абдан сүйүнүшкөн. Бирок алар ошол кезде бир нече жылдан кийин ошол кыздын ордуна уул баланы тарбиялап калышарын билишкен эмес. 

Ата-энесинин айтымында, Риланд төрөлгөндө эле угуу органдарынан жабыркачу. Кийинчерээк дарыгерлердин жардамы менен угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Тили чыккандан тарта ал "мен эркек баламын" дей берет. Башында ата-эне "бала да, айта берет" деп көп этибарга алышпайт. Ошентип күндөр өтө берет. Бир күнү 5 жаштагы Риланд "Кудай неге мени кыз кылып жаратып койду экен?! Силер өлгөндөн кийин мен чачымды кыркып, эркек балага айланам" деп ата-энесин чочутат. Ал гана эмес, кыздарга тиешелүү нерселердин баарынан баш тарта баштайт. Ушундан кийин гана Жефф жана Хиллари Уиттингтондор кызынын маселеси жөн эмес экенин сезип, анын оорусу тууралуу өз алдынча изилдей башташат. Жыйынтыгында алар мындай мүнөздөгү балдардын 41 пайызы өзүн-өзү өлтүрүүгө барышарын билип, Риланддын каалоосуна баш ийип, ага операция жасатышат. Бөлмөсүн да эркек балдарга ылайыктап жасап беришет. 

Өткөн жумада, тагыраак айтканда, 29-майда бул үй-бүлө тең укуктуулук боюнча өткөрүлгөн иш-чарага катышып, сыйлык алышты. Иш-чарада Риланддын эркек балага айланган кезде тартылган видеосу көрсөтүлдү. Видеодон соң 7 жаштагы Риланд сахнага чыгып, "Менин атым - Риланд Уиттингтон. Мен транссексуалмын" деп өзүн элге тааныштырган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(15)
04.06.2014. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
тууй ата... Кандай гана акмакчылык! Кандай гана акылсыздык!
04.06.2014. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jooshbala - 5 күнгө БАН!
"этибар" араб тилинен келген сөз.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
04.06.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тобоо. Балким куто турса,чонойгондо эркекмин деген оюнан кайтмак. Бой жеткенде окунуп калбаса болду.
04.06.2014. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
5 жаштагы баланын оюна койгондору туура эмес...
04.06.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Келечектеги Кончита...
04.06.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kara_kyrgyz, кошулам! Кончиталар ушинтип пайда болот да анан
04.06.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тобоо деп, кудай анын жузун биздикилерден нары кылсын! Ар бирибиз ким болуп торолсок ошол бойдон ололу.
05.06.2014. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кончитонун папулярдуулугу эми кобуно зыян тийгизет деп ойлойм. Ошону туурагандар кобоёт.
Кудайым кантип жаратса ошого шугур кылып жашай бербейби операция кылып жанын кыйнай бербей.
Акчасы коп не кылышын билбегендер да булар. Аман болушсун
05.06.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта! Элдин бары Эркекке айланат эми.......
05.06.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Психологдор Риландга ал ойунан кайтарганга жардам берсе болотледа,оппереция кылып эркекке айландырып койбой,кудай сактасын тобоо
05.06.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол пластикалык оппереция жасаган, аборт жасаган врачтар ото чоон куноого калтат,аборт жасаган бир гинеколог болуп иштеген аялдын козу отконкон кийин жер албай акыры колу буттарын болуп комушкон экен
05.06.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Астафиралла Алла мындайдын бетин нары кылсын!
07.06.2014. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта! ушу кантип болсун..
21.06.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adamdardyn kylbagany uwul ele kaldyle toobaaa!
05.12.2014. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чондорун тыя албай жатса мунусу чыккан тура. Шайтандын чонунан эмес кичинекейинен корк дейт да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: