super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Көп партиялардын аймактар менен байланышы жок”

 

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Бүгүнкү күндө коомчулук партиялар менен элдин байланышына нааразы болуп жатышат”,- деп билдирди. Айтымында, өлкөдө депутаттарды шайлоо системинде кемчиликтер бар.

“Эл "биздин аймакка кайсы депутат бөлүнгөнүн билбейбиз" деп жатат. Бул кемчилик бар. Чынында, депутаттарга мандат берүүдө аймактык квота сакталбай калууда. Эл менен партиялардын байланышы да начар. Билебиз, өлкөдө партиялар эми гана бутуна туруп келе жатышат”,- деди Текебаев.

Эскерте кетсек, өлкө президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамдын долбоору каралып жатат.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: