super.kg logo

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине Түркия каражат бөлөт

 

Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоого Түркия өкмөтү каражат бөлөт. Бул 3-июнда Анкарадагы КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Болжолдуу эсептөөгө караганда, музейди жалпы реконструкциялоо иштерине 270 миллион сом керектелет. Музей план боюнча 2 жылга жабылып, ал 2016-жылы 1-июлда ачылат.

Эске салсак, КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев 3-июнда Түркияга иш сапары менен барган. Анда Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы стратегиялык кызматташуунун Жогорку кеңешинин 3-отурумунун алкагында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Алмазбек Атамбаев менен Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча мындан аркы кадамдарды, өлкөлөр ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: