super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Аты-жыты белгисиз адамдын Жогорку Кеңештин депутаты болуп калышына тыюу салганы жатабыз”

 

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралууда. Демилгечи депутат – Өмүрбек Текебаев. Сунушталган мыйзам долбоору партиялык тизме аркылуу парламентке депутат болуп шайлануу жол-жобосун өзгөртөт. 

“Бул мыйзам шайлоо системин түп-тамырынан бери өзгөртпөйт. Мурункудай эле партиялык тизме менен шайлоо болот, 7 пайыздык босоголук баллды басып өткөн партиялар жеңишке жетет. Эң негизги өзгөртүү талапкерлерди парламентке депутат кылып бекитүүгө киргизилип жатат. Тактап айтканда, биз сунуштаган долбоордо республикалык жана аймактык тизме деп бөлүнөт. Аймактан жетиштүү добуш алган лидерлер гана депутат болушат. 

Жарк этип чыккан жаш, мыкты жергиликтүү лидерлерге жол ачалы, мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз. Ал лидер партиянын авторитетинин арты менен эмес, элдин колдоосу, батасы менен парламентке депутат болуп келгидей шарт түзгөнү жатабыз. Жогорку Кеңеште мандат бөлүштүргөндө партиянын паровозу, авторитети тааныш эмес адамдарды парламентке сүйрөп кирип кетпеши керек”,- деди Өмүрбек Текебаев. 

Мыйзам долбоору парламентте мандат бөлүштүрүүдө аймактык квотаны да эске алат. Башкача айтканда, кайсы бир райондон бир дагы депутат жок болуп калышынын алдын алмакчы. Текебаев учурда Сокулук районунан парламентте бир дагы депутат жок экенин белгиледи. 

Мыйзам долбоору кызуу талаш-тартыш менен коштолууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: