Америкада кыргызстандык балдар арасында өткөн сүрөт сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды





АКШдагы Кыргызстандын элчилигинде 2-июнь күнү балдар тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү болуп өттү. Балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлгөн "Менин үй-бүлөм" жана "Менин Кыргызстаным" сынагына Америкада жашаган жана америкалыктар асырап алган кыргызстандык балдар катышып, алардын тарткан сүрөттөрү көрүүчүлөрдүн сынына коюлду.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Фото: ТИМдин басма сөз кызматы
Иш-чарага Кыргызстандын Америкадагы элчиси жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү да катышты. АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү эл аралык бала асыроо боюнча көрүлгөн жаңы чаралардын баланын үй-бүлөлүү болушундагы маанилүү элемент экенин белгилеп өтүштү.
Келген коноктор балдардын таланттарына баа беришип, жыйынтыгында Миңдуулат Калыбеков (5 жашта), Эмили Свесон (6 жашта) жана Мариэлла Луппино (7 жашта) жеңүүчү деп табылышты. Бул тууралуу 4-июнда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

