"Кыргызстан коопсуздугун күчөтүшү керек" дейт Темирбек Асанбеков

“Кыргызстанда АКШнын аскердик базасынын жабылышы менен мамлекеттин коопсуздугуна коркунучтар пайда болушу толук мүмкүн”,- деп билдирди бүгүн, 4-июнда маалымат жыйынында “Мекен ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков.
“Ооганстанды жакшы билем. Негизинен коркунуч ушул өлкөдөгү уюшкан куралдуу топтор тарабынан келиши мүмкүн. Ал эми коңшу Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттери менен дипломатиялык жолдор аркылуу маселелерди чече алабыз”,- деди коомдук ишмер.
"Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна киргендигибизден пайдаланып, чек араларыбызды бекемдешибиз зарыл",- деп кошумчалады Асанбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

