super.kg logo
  Саясат  

“Шайлоодогу босоголук баллды жогорулатсак, майда партиялар чуу чыгарышы мүмкүн” дейт Текебаев

 

Депутат Өмүрбек Текебаев: “Шайлоодогу босоголук баллды 10 пайызга чейин жогорулатуу менен биз парламентке келчү партиялардын деңгээлин жогорулата алабыз”,- деди. Муну эл өкүлү бүгүн, 4-июнда парламент жыйынында билдирди. Жыйында депутат Ташполот Балтабаев парламентке үч эле партия келсе деген сунушун киргизди.

Босоголук баллды көтөрүп койсок да болот. Шайлоодо алдуу партиялар өтөт, алсыздар күчтүүлөрдүн этегин кармайт. Бирок өлкөдө 200гө жакын майда партия бар. Алар "элге таанымал 3 партия гана парламентке ээлик кылганы жатат" деп чуу чыгарышса, элде ишенбөөчүлүк пайда болушу ыктымал. Ошон үчүн бул маселени экинчи окууда карап көрүү керек”,- деди Текебаев.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралууда. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: