super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: “Аймактагы мыкты талапкер партиянын тизмесинде 120-орунда турганына карабай парламентке депутат боло алат”

 

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Депутат Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоору аркылуу парламенттик шайлоодо аймактык тизме деген түшүнүк киргизилип жатканын айтты. Тактап айтканда, өлкөдө 9 шайлоо округу түзүлүп аймактагы талапкерлер партиянын тизмесинде арткы орунда турганына карабай парламентке депутат болуп калышы мүмкүн. “Аймакта кадыр-баркы жогору болсо, жетиштүү добуш алса, партияда 120-тизмеде турган талапкер да алдынкы тизме менен парламентке депутат болуп келиши мүмкүн”,- деди Текебаев.

Мындан кийин айрым депутаттар “андай болсо аймактардан көп добуш алып шайланган депутат парламентте фракция лидерине баш ийбей коёт” дешти.

Текебаев буга: “Азыр кандай болууда? Аймактан бир да добуш албаган депутат деле фракция лидерине баш ийбей жатпайбы? Мындай коркунуч азыр деле бар. Тескерисинче, бул мыйзам партиялык тизмени түзүүдөгү коррупцияны азайтат. Мурункудай начар бир партия алдынкы 5 мандатын башка бирөөгө сатып, татыксыз талапкер депутат болбосун деп жатабыз. Аймактарга барып жетиштүү добуш алып кел деп жатабыз”,- деп жооп берди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: