super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев депутат Жумабековго: “Мен сизди көрүп өзүмдүн жаш кезимди эстейм”

 

Парламенттин 4-июндагы жыйынында Өмүрбек Текебаев депутат Дастан Жумабековго “мен сизди көрүп өзүмдүн жаш кезимди эстейм” деп билдирди. Мындай жооп парламент депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү маселеси каралып жатканда айтылды. Жумабеков сунушталган мыйзам долбоору партиялардын укугун чектей турганын айтканда Текебаев мунун жакшы жагын белгиледи. “Аймакта кадыр- баркы күчтүү адамдын парламентке келишине шарт түзгөнү жатабыз. Мен сизди көрүп өзүмдүн жаш кезимди эстейм. Капа болушпасын, айрым жаш депутаттарга да айтам, “Дастандай болбойсуңарбы” деп. Сиз парламентте көбүнчө Таластын маселесин көтөрөсүз, ошол эле учурда бүт өлкөнүн патриотусуз. 5 жыл ичинде кыйла такшалдыңыз. Бул табигый көрүнүш. Биз аймактык жана республикалык балансты айкалыштырып алып кетишибиз керек”,- деди. 

Айта кетсек, сунушталып жаткан мыйзамда парламенттик шайлоо аркылуу Жогорку Кеңешке депутат болуп келүүнүн тартиби өзгөртүлгөнү жатат. Буга чейинкиде бир көрүнүктүү лидердин арты менен татыксыз адамдын Жогорку Кеңешке депутат болуп калышына чек коюлганы жатат. Жаңы сунуш боюнча, парламенттик шайлоодо аймактык жана республикалык тизме болот. Муну менен добуш берүүдө шайлоочуларга партия лидерин гана эмес, партиядагы талапкерлерге да карап добуш берүү мүмкүнчүлүгү берилгени жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: