super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоодон кийин "Ата Журт" фракциясында мандат бөлүшүү боюнча жаңжал чыкканын айтты

 

Парламенттин 4-июндагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү маселеси каралууда. Жыйында “Ата Журт” фракциясынын бир катар депутаттары "бул коррупциялык иштерге жол ачат" деп мыйзам долбооруна каршы чыгышты. Мындан кийин демилгечи депутаттардын бири Өмүрбек Текебаев “ата журтчуларга” жооп кайтарды.

“Айтпайын десем өзүңөр айтууга аргасыз кылып жатасыңар. Мурунку шайлоодо партиянын тизмесинде 60-70-орунда тургандарды депутат кылып парламентке өткөргөндөр болду го. “Ата Журт” фракциясында канча жаңжал болду. Улуу депутат катары Курманбек Осмонов экөөбүз мушташууда арачы болуп жүрдүк го. Мындан башка кандай мисал келтириш керек? Биз сунуштаган мыйзам мындай көрүнүшкө чек коёт, баары так көрсөтүлөт”,- деди Текебаев. 

Мындан кийин "Ата Журттун" лидери Жылдыз Жолдошова муну ачык айтканы үчүн Текебаевди сөзүн токтотууга чакырып, өчүк турган микрофонунан кыйкырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: