super.kg logo

Ош шаарында сууга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды

 

Ош шаарында сууга агып кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 4-июнда билдирди. 

2014-жылдын 4-июнь күнү саат 07:54 чамасында Ош шаарынын Туран кичи районунун Набережная көчөсүндөгү үйдүн тургуну Абжалов Аскат үйүнүн жанындагы каналдан суу алып жатып каналдагы чоң дөңгөлөктүн астына туруп калган адамдын жансыз денесин көрүп, ошо замат КРнын ӨКМнын Ош шаардык ыкчам бөлүмүнө кабар берген. ӨКМнын Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары саат 08:00дө чакыруу болгон жерге барып, жансыз денени суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Каза болгон жаран дайынсыз жоголуп жаткан Хабибулло Исманов экени белгилүү болду.

Эскерте кетсек, 2014-жылдын 2-июнь күнү саат 09:05те Ош шаарынын Туран кичи районунун Фурманов көчөсүнүн 6-үйүнүн жашоочусу, 1959-жылы туулган Х.Исманов үйүнүн астынан агып өтүүчү Араван каналына агып кеткен деген божомол менен анын туугандары жана ШИИБдин кызматкерлери КРнын ӨКМнын Ош шаардык башкармалыгына кайрылышкан.

Хабибулло Исмановдун туугандары ал 2014-жылдын 27-майынан бери белгисиз экенин билдиришкен. Ошондой эле кол телефону, тамекиси жана баш кийими суунун жээгинен табылгандыгын кабарлашкан болчу.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.06.2014. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бечара биздин ОКМ нин жанан ИИМ дин кызматкерлери техниканын жогунан кол менен издеп жатышат суу кечип.
05.06.2014. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
DASTAN92, Сууну кечип издоо техникадан караганда батыраак болот. Техника менен суунун тубун текшеруу машакат иш.
05.06.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kipchak, барибир ушинтип издегенден коро техника менен издеген башкада кызматкерлерда кыйналбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: