super.kg logo

Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Асан Турсункуловдун “Алтын тутка” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат

 

5-июнда Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде Асан Турсункуловдун “Алтын тутка” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Ал Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган.

Көргөзмөгө автордун тарыхый темадагы 60 картинасы коюлат. Алардын арасында “Алтын доордун чыгаан инсандары”, “Алтын кесе”, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна арналган көргөзмө долбоорлору бар. Ошондой эле сүрөтчүнүн этюд, графика, живопись эмгектери тартууланат. Көргөзмө 24-июнга чейин уланат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда аталган музейден билдиришти.

Белгилей кетсек, Асан Турсункулов 1961-жылы Аксы районунун Сары-Кашка айылында туулган. 1978-жылы М.Горький атындагы орто мектепти, андан кийин С.А.Чуйков атындагы көркөм окуу жайын бүтүргөн. 1985-жылдан бери эл аралык жана республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары “Улуу эл”, “Элдин мүлкү”, “Мурас” жана башка тарыхый-эпикалык сүрөттөрдүн автору. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: