Боливияда дүйнөдөгү эң бийик асма жол ишке киргизилди



Асма жолдун бийиктиги 4150 метр.



Шаар үстүндөгү асма жолдун кабиналары.

Асма жолдун ачылышына Боливиянын президенти Эво Моралес жана вице-президенти Гарсия Линер катышты.

Жолдун ачылышы концерттик программа менен коштолду.
30-майда Боливияда дүйнөдөгү эң бийик асма жол ишке киргизилди. Анын бийиктиги 4150 метр. Бул жол өлкөнүн борбору Ла-Пас менен Эль-Альто шаарын бириктирип, узундугу 10 чакырымды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, асма жолдун ачылышына Боливиянын президенти Эво Моралес жана вице-президенти Гарсия Линер катышты. "Бизге эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аябай кубанычтабыз",- дешет өлкөнүн борборуна каттап иштеген Эль-Альто шаарынын тургундары.
Белгилей кетсек, буга чейин дүйнөдөгү эң бийик асма жол катары Индиядагы Гульмарг жолу эсептелинип келген. Анын бийиктиги 4114 метрди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Комментарийлер(3)
aitowa11

05.06.2014. 00:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коркунучтуу болсо керек
abaychik

07.06.2014. 23:39
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Парктагы атракционго тушуштон да корком))).
Kanat8427

08.06.2014. 00:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын кылбаганы жок. Келменди келтирген бойдон кетесинго ))))))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.