super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттары айыл өкмөттөрү менен тыгыз кызматташууга тийиш”

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 4-июнда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун жергиликтүү кеңештеринин кошмо жыйынынын депутаттарын кабыл алды. Жолугушууда элет жергесиндеги көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Төрага жергиликтүү кеңештердин депутаттары айыл өкмөттөрү менен тыгыз кызматташуу аркылуу иштин натыйжалуулугун арттырышы керек” деп баса белгиледи. 

Жээнбеков аймактарды реформалоо жүзөгө ашарын, келечекте айыл өкмөт жетекчилери шайлоо жолу менен тандаларын баса белгиледи. “Айыл өкмөт башчыларын шайлоого барабыз. Бул алардын жергиликтүү депутаттарга эмес, элге көбүрөөк көз каранды болушун шарттайт. Ошону менен катар, алардын ыйгарым укуктары каралат. «Жерди трансформациялоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Жергиликтүү бийлик айылдардын башкы планын түзүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү абзел. Турак жай куруу үчүн жер аянттарын берүү саясаты айдоо аянттарына зыянын тийгизбеши керек",- деди ал.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: