super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Кочкоров: “Кучагымда жаткан аялыма да үгүт кылбадым, бирок парламентке өттүм” деген депутаттар бар”

 

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында депутат Улукбек Кочкоров парламенттик шайлоо боюнча мыйзамда кемчиликтер бар экенин айтты. Депутат учурдагы шайлоо системин өзгөртүү керек деп эсептейт.

“Мурунку шайлоодо кара тамандар жүгүрүп иштеп, тизмедеги алдынкы орундарды сатып алгандар парламентке депутат болуп өтүштү. Бул туура эмес, муну токтотуш керек. Жогорку Кеңеште мындай депутаттар бар. Ал тургай "жакшы заман келди, жадакалса кучагымда жаткан аялыма да агитация кылган жокмун, бирөөлөр чуркады, мен депутат болдум" дегендер бар”,- дейт депутат.

Кочкоров сунушталып жаткан мыйзам менен дагы деле кайсы бир аймактан бир дагы депутат чыкпай калуу тобокелчилиги бар экенин айтып, муну “айрым партиялар жетиштүү добушту бир эле облустан алып коюшу мүмкүн” деп түшүндүрдү.

Өмүрбек Текебаев буга макул эмес. “Кандай болгон күндө да ар бир аймактан сөзсүз депутат болот”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: