super.kg logo
  Саясат  

Исмаил Исаков Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты

 

Депутат Исмаил Исаков КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкты. "Биз бул мыйзам долбоорун кабыл албашыбыз керек”,- деди ал.

Айтымында, бул мыйзам кабыл алынса, парламенттик шайлоодо партия лидерлери партиянын тизмесиндеги алдынкы он орунду сатууну бизнеске айлантат.

Эгерде партиядагы талапкерлердин тизмесин аймактарга карап түзсө, тизменин башындагы орундарды сатып алып башташат. Партия бизнес болуп калат. Мындан сырткары бул долбоор өлкө жарандарын аймак-аймакка бөлүүгө жол ачат”,- деди Исаков.

Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында КРнын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору каралды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: