Бишкектеги бак-дарактардын абалын текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдү
Бишкек шаарындагы бак-дарактардын санитардык абалын текшерүү үчүн жумушчу топ түзүлдү. Тийиштүү жарлыкка мэр Кубанычбек Кулматов кол койгонун 4-июнда мэриядан билдиришти. Аталган топ 9-июнга чейин шаар аймагындагы дарактардын абалын текшерип, анын негизинде куураган жана кулап түшүү коркунучу бар дарактар кесилет. Бул иштердин аткарылышын шаардын вице-мэри Олег Попиков көзөмөлгө алмакчы.
Айта кетсек, кечээ жакында катуу шамалдан улам шаарда бир нече дарак кулап түшкөн. Мунун айынан бир адам каза тапты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

