Декларация: Өмүрбек Текебаев былтыр 1 миллион 78 миң сом маяна алган

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 2013-жылы парламенттен 1 миллион 078 045 сом маяна алган. Депутат муну жылдык кирешеси тууралуу тапшырган декларациясында көрсөттү. Текебаевдин жакындары былтыр 3 миллион 285 205 сом киреше табышкан. Алардын кыймылсыз мүлктөрү: 0,05 гектар жер тилкеси, 76,08 чарчы метр аянтты ээлеген кафе, 1157,8 чарчы метр аянтты ээлеген эч ким жашабаган үй, 0,15 гектар жер тилкеси, 64,1 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 6 сотых жер тилкеси.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

