super.kg logo
  Саясат  

Алайдагы тосулган жолдо турган жүк ташуучу унаалардын тең жарымы Ош шаардык кеңешинин төрагасына таандык экени айтылууда

 
28-май. Алайдагы митингчилер Ош- Эркеч-Там унаа жолун бууп, жүк ташуучу унаалар токтоп калган эле.

Алай районундагы Сопу-Коргон айылында тосулган Эркеч-Там унаа жолунда турган жүк ташуучу унаалардын тең жарымы Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примовго таандык экени айтылууда.

Бул тууралуу 5-июнда Улан Примов: “Ооба, ал жерде туруп калган жүк ташуучу унаалардын катарында бизге таандыктары да бар, негизинен биз көмүр менен иш алып баргандыктан, кышка даярдык иштери жол тосулгандан бери солгундап калды. Канчалык бир деңгээлде зыянын көрүп жатабыз десем туура болот”,-деди. 

Алынган маалыматтар боюнча, төрага Примовго таандык көмүр чыгаруучу “Ош Пирим” фирмасы, ошондой эле “Ош Пирим” телеканалдары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: