Өкмөт: "Биометрикалык паспорт жөнүндө туура эмес маалымат таратылып жатса, "Супер-Инфо" так маалымат берүүдө"
"Айрым массалык маалымат каражаттары биометрикалык паспорт жөнүндө туура эмес маалымат таратып жатышат. "Супер-Инфо" гезитинин биометрикалык паспорт боюнча жазган макаласы так жазылган". Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда өткөн маалымат жыйынында өкмөттүн басма сөз катчысы Мелисбек Эржигитов билдирди.
Биометрикалык маалымат - адамдын 10 манжасынын изи, 2D форматындагы сүрөтү жана электрондук колу. Ушул белгилерди жаран тапшырса, булар анын биометрикалык маалыматы болуп калат.
Ал эми өкмөт паспортту каалаган жарандарга 2015-жылдын июль айынан баштап таратып бере баштайт. Биометрикалык белгилерди бардык 16 жашка толгон кыргызстандыктар милдеттүү түрдө тапшырууга тийиш. Белгилүү болгондой, 2014-жылдын 9-11-июнунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев баш болгон кыргыз делегациясы Монголияга барып, монгол өкмөтүнүн биометрикалык маалымат базасын топтоо тажрыйбасы менен таанышып келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
2

