super.kg logo

Ош шаарында «Эң жакшы маршрут» сынагы жыйынтыкталды

 

Ош шаардык мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги шаардагы коомдук унаанын айдоочуларына 20-апрелден тарта сынак жарыялаган эле. Анын жүрүшүндө Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин кызматкерлери тарабынан маршруттук унаалар арасында текшерүү иштери жүргүзүлүп, жүргүнчүлөргө татыктуу кызмат көрсөтүү, унааларды таза кармоо, схеманы сактоого басым жасалып, сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында 1-орунду №142-кичи автобус маршруту ээлеп, 4000 сом менен сыйланды. 2-орунга №108-кичи автобус маршруту татып, 3000 сомго ээ болсо, 2000 сом каралган 3-орун ээси №107-кичи автобус маршруту болду. 

Ал эми калкты тейлөөнүн деңгээлин жогорулаткандыгы үчүн №124-кичи автобус маршрутунун айдоочусу Карим Базаров «Эң жакшы айдоочу» аталып, 1000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Бүгүнкү күндө Ош шаары боюнча 53 маршруттук каттам бар. Сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыкты Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин директору Нурлан Курманбаев тапшырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.06.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин суйуктуу шаарым.
05.06.2014. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
127-marwrutkalar jakwy bolchu
05.06.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
127 супер
05.06.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин резинка 128 качан бирди алат)))
05.06.2014. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы сынак уюштуруптур, 127-маршруткаларда тактыктуу эле.
05.06.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hihikayu - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: