super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалар 6 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулат

 

Жогорку Кеңеште 5-июнда “КРнын бажы тарифи жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, мыйзам долбоору ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана өлкөнүн ички рыногун коргоого багытталган. "Учурдун талаптарын эске алуу менен 84 продукция түрүнө карата бажы тарифин кайрадан ыраатташтыруу сунушталып жатат. Мындай демилге 2013-жылы эле көтөрүлгөн, бирок айрым бир жагдайларды иликтеп чыгуу зарылдыгынан улам ушул кезге чейин создугуп келди",- дейт министр.

Мисалы, 48 өнүмдүн түрүнө бажы ченинин өлчөмү нөлгө түшүрүлөт. Анын ичинде Таш-Көмүр шаарында курулуп жаткан темир эритүүчү заводдун жабдуулары, "Бишкек-Сүт" ишканасына четтен алынып келинчү мөмө-жемиш кошундулары бар. Андан сырткары айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалар да 6 жылга кошумча нарк салыгынан бошотулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: