super.kg logo

 Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде Асан Турсункуловдун “Алтын тутка” аттуу жеке көргөзмөсүнүн бет ачар аземи өтүүдө (фоторепортаж)   

 
Бүгүн, 5-июнда Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде Асан Турсункуловдун “Алтын тутка” аттуу жеке көргөзмөсүнүн бет ачар аземи өтүүдө. Ал Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына жана Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына арналган. 

Аземге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Камила Талиева, экс-министр Ибрагим Жунусов, аталган музейдин директору Юристанбек Шыгаев, Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев, маданият кызматкерлери, сүрөтчүнүн үй-бүлөсү катышты.

"Сүрөттү тартып баштаганда аны качан бүтөрүңдү билбейсиң. Элдер менден "Сага качан КРнын Эмгек сиңирген сүрөтчүсү, КРнын Эл сүрөтчүсү наамдарын ыйгарышат?" деп көп сурашат. Мени наамдар кызыктырбайт. Бул жашоодо артымда из калтыргым келет. Ошондуктан бул көргөзмөнү өсүп келаткан жаш муундарга арнаймын",- дейт көргөзмөнүн ээси Асан Турсункулов.

Көргөзмөгө автордун тарыхый темадагы 60 картинасы коюлуптур. Алардын арасында “Алтын доордун асыл инсандары”, “Алтын кесе”, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушуна арналган көргөзмө долбоорлору бар. Ошондой эле сүрөтчүнүн этюд, графика, живопись эмгектери тартууланды.

Белгилей кетсек, Асан Турсункулов 1961-жылы Аксы районунун Сары-Кашка айылында туулган. 1978-жылы М.Горький атындагы орто мектепти, андан кийин С.А.Чуйков атындагы көркөм окуу жайын бүтүргөн. 1985-жылдан бери эл аралык жана республикалык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Мындан тышкары “Улуу эл”, “Элдин мүлкү”, “Мурас” жана башка тарыхый-эпикалык сүрөттөрдүн автору. 

Маалымат үчүн айта кетсек, көргөзмө 24-июнга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.07.2014. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш сүрөттөр!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: