super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев: “Түрк дүйнөсүндөгү өлкөлөрдүн баарында туризмди өнүктүрүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөр бар”

 

Бүгүн, 5-июнда президент Алмазбек Атамбаев Түркиянын Бодрум шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык боюнча мамлекет башчыларынын кеңешинин IV саммитине катышууда. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. 

Алмазбек Атамбаев Түркиянын Бодрум шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгынын IV саммитинде жолугушууну бийлик деңгээлде уюштуруп, меймандостугу менен тосуп алган боордош түрк туугандарга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өткөн жылы аталган саммитти уюштурган Азербайжандын президентине да ыраазычылык айтты.

Жылдан-жылга уюштуруу иштеринин деңгээли өсүп жатат. Мындан бир жыл мурда Азербайжандын Габала шаарында төрт мамлекеттин башчылары жолукканбыз. Бир жыл биздин кеңешке Азербайжан президенти Ильхам Алиев башчылык кылды. Жакшы уюштурганына ыраазычылык билдирем. Биздин жолугушуу туризм темасына арналган. Бул тема өз ара мамилелерди тереңдетүүгө, транспорттук, соода жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө өлкөлөрдө туризмди өнүктүрүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүктөр бар”,- деди Атамбаев.

Саммитке Түркиянын президенти Абдулла Гүл, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышып жатат.

Саммиттин ишине ардактуу конок катары чакырылган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: