Салык кызматынын кызматкерлери бирдиктүү салык декларациясын толтуруу боюнча окутуудан өтүшүүдө
КРнын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бирдиктүү салык декларациясын толтуруу боюнча окутуудан өтүшүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы 5-июнда билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Алар окутуудан өткөн соң аймактарда алган билимин жайылтуу үчүн кесиптештери менен бөлүшүү форматында окушат. Мекеменин 200дөн ашуун кызматкери Бишкекте июнь айында окуудан өтүп, андан соң дал ушундай иш-чаралар өлкө аймагында өткөрүлөт.
Окутуучулар жалпы декларациядан өткөрүү, бирдиктүү салык декларациясынын жаңы формалары тууралуу айтып беришет. Аталган долбоор Салык кызматы менен ЮСАИДдин каржылык колдоосунун негизинде ишке ашып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

