super.kg logo

Бишкекте “Чыйыр жолдон сабак алуу” аттуу көргөзмө өтүүдө (фоторепортаж)

 

Бишкектеги Эмен багындагы Сүрөтчүлөр союзунун галереясында “Чыйыр жолдон сабак алуу” аттуу көргөзмө өтүүдө. Көргөзмөгө Кыргызстан жана Казакстандын архитекторлорунун жана сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлган. Экспозицияда эски архитектура фантазиясындагы жыгач, айнек, металл зымдардан жасалган эмгектер тартууланат. Муну менен катар жергиликтүү белгилүү сүрөтчү Валерий Руппелдин жаңы эмгектери жана Марат Райымкуловдун коллаж өңүттөгү фотолору коюлган. Ошондой эле Алматыдан келген сүрөтчү Александр Угайдын видео эмгеги көрсөтүлдү.

“Көргөзмөнүн башкы максаты – кыймылсыз мейкиндик формасындагы эмгектерге ар түрдүү идея менен киришүү. Көргөзмөнүн аталышында эле көркөм эмгектер камтылган деп ойлойм. "Чыйыр жолдон сабак алуу" деген - көркөм эмгектерден сабак алуу, анткени ар бир эмгекте өзгөчө мамиле, өзгөчө ой толгоо жатат”,- дейт уюштуруучу Медер Ахметов.

Маалымат үчүн айта кетсек, көргөзмө 15-июнга чейин уланат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: