Жогорку Кеңеш: Өзбекстанга суу берүүнү токтотуу демилгеси кайрадан көтөрүлүүдө
Ош шаарынын газсыз калышына байланыштуу Өзбекстанга суу берүүнү токтотуу демилгеси парламентте кайрадан көтөрүлдү. Муну бүгүн, 6-июнда “Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутат Кантемир Мурзабеков айтып чыкты. Депутат коңшу өлкөгө ушундай ыкма колдонуу зарыл деп эсептейт. “Келгиле, сууну жабалы. Анан көрөбүз, аларга суунун кереги бар бекен же жок бекен”,- деди ал.
Вице-премьер-министр Валерий Диль бул маселе өкмөттө да талкууланганын билдирди. “Мындай нерсе 1997-жылы болгон, алар дароо учуп келип, сүйлөшүүлөр башталган. Бирок азыр башкача, Өзбекстан суу сактагыч куруп, суу топтоодо. Биз ага кескин таасир эте албайбыз”,- деди вице-премьер.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

