Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Бүгүн, 6-июнда өкмөттүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Айбек Мамыралиев дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Ал буга чейин аталган агенттиктин статс-катчысы болуп эмгектенип келген.
Эске салсак, 5-июнда агенттиктин мурдагы директору Бабырбек Жээнбеков премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен бошотулган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

