super.kg logo

Кыргызстандык скульптор Ибрагим Жусуповдун эмгеги Тыванын борбор шаарынын көчөсүнө коюлат

 

Тывада 1-эл аралык скульптуралык симпозиум старт алды. Ал Орусия менен Тыванын бириккенинин 100 жылдыгына жана Кызыла шаарынын 100 жылдыгына арналган. Аталган симпозиумдун экинчи этабына Тыва, Монголия, Кыргызстан, Москва облусунан жана Красноярскийден барышкан 9 скульптор өткөн. Кыргызстандан бул иш-чарага “Менин үйүм” аттуу эмгеги менен Ибрагим Жусупов катышууда.

Иш-чаранын максаты – Кызыла шаарынын маданият чөйрөсүн түзүү негизинде сейил бактарга декоративдүү скульптураларды жасоо, аларды жайылтуу, аталган шаардын 100 жылдыгына карата таштардан жасалган монументалдык скульптураларды орнотуу.

“Симпозиумдун жыйынтыгында Орусиянын аймагындагы жана чет өлкөлүк скульпторлордун эмгектери кылым карыткан шаардын мааракесине карата Тыванын борбор шаарынын көчөлөрүнө коюлат”,- деп Тыва Республикасынын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-июнда билдирди.

Белгилей кетсек, И.Жусупов Орусияда жана Кыргызстанда өткөрүлгөн эл аралык симпозиумдун катышуучусу, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.06.2014. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ассалому алейкум Ибраги ака кандайсыз ишинизге ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: