super.kg logo
  Саясат  

Феруза Жамашева: “Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн билими, эрудициясы жана адамдык сапаттары өтө жогору болушу керек”

 

Кыргызстанда Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө ат салышкандарга талап судьяларга салыштырмалуу жогору болушу шарт. Муну орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде КРнын Жогорку Сотунун төрайымы Феруза Жамашева билдирди. Төрайым сот тармагында ишине татыксыз судьялар бар экенин моюнга алды.

“Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн билими, эрудициясы, этикасы, моралдык, кесипкөйлүк жана адамдык сапаттары өтө жогору болушу керек. Четке кага албайм, сот системинде таза эмес судьялар жана аппарат кызматкерлери бар. Бирок биз алардан арылууга аракет жасап жатабыз. Бирок көйгөйдү башка жагынан да карап көрүш керек. Бүгүн жакшыртууга сот тармагы эле эмес, бүтүндөй мамлекеттик систем муктаж. Акыркы жылдары биз соттордун процессуалдык жана этикалык дисциплинасын күчөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Тармактагы ачык-айкындыкты жогорулатуу менен алекпиз”,- дейт Жогорку Соттун төрайымы.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: