super.kg logo
  Саясат  

Токтогул Какчекеев: “Американын “Манастагы” аскердик базасы бизге эч кандай пайда алып келген жок”

 

АКШнын “Манастагы” аскердик базасы Кыргызстанга эч кандай пайда алып келген жок. Муну орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде серепчи Токтогул Какчекеев билдирди. Айтымында, базанын учактары абада төккөн күйүүчү майдын зыянын бүт Чүй өрөөнү тартты.

“Күйүүчү майдын калдыктары Чүйдөгү жашылча-жемиштерге зыянын тийгизди. Менин ошол райондо дачам бар. Асмандан түшкөн тамчыларга кабылган мөмө-жемиштер карарып, чирий баштайт. Бул боюнча дыйкандар арызданып, ал тургай компенсация төлөп берүүнү талап кылышкан. Базанын бир учагы кулап, экологияга зыян келтирди. Алардын аскери Кыргызстандын бир жаранын атып өлтүрүп, балдарын жетим калтырды. Пентагон аларга эч нерсе берген жок”,- деп мисалдарды келтирди Какчекеев.

Айта кетсек, АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасы 3-июнда расмий түрдө ишин токтотту. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: