super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев "дипломатиялык паспорт берүүдө мыйзам бузуулар болгон эмес" деди

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 6-июндагы жыйынында кыргыз өкмөтү менен Италия өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык паспорт ээлерин анчалык маанилүү эмес мүнөздөгү өзгөртүү жана толуктоо киргизүү укугу менен кыска мөөнөттүү виза алуу зарылдыгынан бошотуу тууралуу макулдашуунун долбоору каралды.

Талкууда депутат Бахадыр Сулейманов өзүндө дипломатиялык паспортту алгандардын тизмеси камтылган КРнын Тышкы иштер министрлигинин каты бар экенин билдирди. "Көпчүлүк документтер шектүү жолдор менен берилген. Тизмеде паспорттордун номурлары, берилген номурлар көрсөтүлгөн, бирок ээлеринин аты-жөнү жазылган эмес",- дейт депутат.

Тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев бул тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

Комитет мүчөлөрү Башкы прокуратурага бул маалыматты текшерип көрүүнү тапшырды.

Талкуу жыйынтыгында тармактык комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев макулдашуу долбоорун кийинкиге жылдырып, келерки жыйында дипломатиялык паспортторду берүү маселесин ТИМ жана Башкы прокуратура, дагы башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кароо сунушун айтып, депутаттар колдоого алышты. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: