super.kg logo

Жылнаама, 7-июнь: Мындан 24 жыл мурун Ошто чыккан улут аралык кагылышка нааразылык билдиргендер Бишкекте митингге чыгышкан

 
* Кыргызстанда Каржы жана экономика кызматкерлеринин күнүн белгилөө чечими 2003-жылдын 16-апрелинде өкмөттүн токтому менен бекитилген.
Каржы жана экономика кызматкерлеринин өлкө экономикасынын өнүгүшүнө кошуп жаткан зор салымын баса белгилөө максатында бул дата 2003-жылга чейин эки ирет бекитилген. 1998-жылы Каржы жана экономика кызматкерлеринин күнү 10-декабрь деп белгиленсе, 2001-жылы ноябрдын акыркы жекшембиси Финансы-экономика кызматкерлеринин күнү катары бекитилген.
* Мындан 73 жыл мурун, 1941-жылы Чоң Чүй каналын казуу маалында маанилүү археологиялык табылгалар чыккан. Айрыкча V-X кылымдарга таандык Византия жана Кытайдын шам чырактары, коло күзгүлөр менен бирге Орто Азиядагы эң ири нумизматикалык казынанын табылышы Кыргызстан аймагы Чыгыш менен Батыш маданияттарын бириктирүүдө олуттуу роль ойногондугун айгинелеген.
* 24 жыл мурун, 1990-жылы Кыргызстандын борбор шаарында миңдеген адам катышкан митинг жана жаштардын жүрүшү өткөн. Митингге чыккан жаштар ошол жылдын 5-7-июнунда Ошто чыккан улут аралык кагылышка нааразылык билдиришип, бейкүнөө өлгөн адамдардын өмүрү үчүн партиялык бийликти күнөөлөп, ага жол берген адамдардын жазаланышын талап кылышкан. Курчуган кырдаалды жолго салуу максатында Кыргызстандын ошол кездеги партиялык жетекчилиги борбор шаарда коменданттык саат киргизген.
7-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: