super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш 12-июнда “Кумтөр” маселесин жана Оштун газсыз калышын талкуулайт

 

Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши 6-июндагы жыйынында парламенттин 11-12-июнундагы жыйындарынын күн тартибин бекитти.

11-июнда Жогорку Кеңеш “КРнын Акыйкатчысы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө”, “КРнын Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу”, “Баатыр эне орденинин статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” жана башка бир катар мыйзам долбоорлорун карамакчы. Жыйында республикалык бюджеттен каржыланган кесиптик техникалык абалын иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралышы күтүлүүдө.

Жогорку Кеңештин 12-июндагы жыйынында “Кыргызстанда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү жөнүндө”, “Нефти жана газ жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”, “КРнын Жер кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” жана башка мыйзам долбоорлору каралмакчы.

Пленардык жыйында Жогорку Кеңештин “Кумтөр” тууралуу токтомунун аткарылышы, Ош шаарынын газсыз калышы боюнча өкмөттүн маалыматы угулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: